Бишкекке газ менен жүргөн 20 жаңы автобус алып келинди

  • 2 года мурун

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, кыймылдаткычы газ менен иштейт. 75 жүргүнчүгө ылайыкталган. Анда 26 орундук бар, бир орун майыптыгы бар адамдар үчүн жасалган.

Белгилей кетсек, борбор калаага жаңы автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Мэриядан билдиришкендей, жакында Бишкекке дагы 100 автобус алып келинет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты