Бишкекке экологиялык жактан таза ISUZU үлгүсүндөгү жаңы автобустар келди
- 2 года мурун
Бишкек шаарына экологиялык жактан таза ISUZU үлгүсүндөгү жаңы автобустар келди. Бул тууралуу мэрияеые басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14 автобус келди, калган 54 даана автобусту этап менен алып келүү пландалууда. Жалпысынан 68 даана автобус.
Келген автобустар Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ДЕПО-1 аймагына жайгаштырылат. Тиешелүү жол-жоболорду аткаргандан кийин автобустар каттамга чыгат.
Муну бөлүшүү




