Бишкек жылуулук тармагы буу түтүктөрүн жылытуу иштерин жүргүзөт
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 23-октябрда, Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы буу түтүктөрүн жылытуу жана ишке киргизүү иштерин жүргүзөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Иштер темир жол боюнда Коенкөзов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.
“Бишкек жылуулук тармагы” убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




