Бишкек ЖЭБиндеги авария. Кечке чейин 4 буу казан ишке берилет

  • 6 месяцев мурун

Бишкек Жылуулук электр борборунда кечке чейин 4 буу казан ишке берилет. Бул тууралуу 2-февралдагы басма сөз жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин түтүктөрүнөн суу агып, астыңкы бөлүгүнө суу толгон. Азыркы учурда суулар сордурулуп, кургатуу иштери жүрүп жатат.

«Мындан тышкары, электр жабдууларынын айрым бөлүктөрү жабыркаган. Сууну сордуруу жана кургатуу иштери толук бүткөндөн кийин электр энергияны берүү өз калыбына келтирилип, кечке чейин 4 буу казанды ишке беребиз деп турабыз. Муну менен Бишкек шаарынын жылуулук системасын мындан ары кармап турууга мүмкүн болот«, — деди Керимов.

2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу жана жылуулук берүүдө чектөөлөр киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты