Бишкек ЖЭБи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деп маалымат берген кызматкер иштен алынды

  • 4 месяца мурун

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Бишкек ТЭЦи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ТЭЦинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.

Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду.

Бул кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталды», — деп жазды Алагозов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты