Бишкек ЖЭБдин адиси пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 месяца мурун

27-майда жеке ишкерден 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч келтирген энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек ЖЭБдин адиси пара алып жаткан жеринен кармалды.


Аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштургандыгы айтылды.

Кармалган С.Э.С. аттуу жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты