Бишкек ЖЭБ республикалык бюджеттен 1 млрд сом кредит алат
- 2 года мурун
Бишкек шаардык кеңеши «Бишкек жылуулук электр борборуна» республикалык бюджеттен 1 миллиард сом кредит алуу боюнча токтом долбоорун сунуштады. Аталган токтом долбоору шаардык кеңештин расмий сайтына чыкты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешине жогоруда аталган муниципалдык ишканага мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бюджеттик кредит берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Токтом долбооруна ылайык, бюджеттен кредит алуу үчүн күрөө катары «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын мүлкү коюлат.
Бюджеттик кредит эмнеге алынууда?
Токтом долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеге ылайык, учурдагы жылуулук энергиясынын тарифтери социалдык багыттагы болуп саналат жана калкка берилген жылуулук энергиясынын өздүк наркын жаппайт.
Мындан улам ушул жылдын август – декабрь айларындагы жабылбаган чыгымдар — 2,6 млрд сомду түзгөн. Министрлер Кабинети чыгымдарды жабуу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке 1 643,1 млн сом өлчөмүндө максаттуу трансферт бөлгөн, ал эми Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасына 1 643,1 млн сом бөлгөн. «Бишкекжылуулуктармагы» өз кезегинде «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасына 1 523,1 млн сом жана өздүк чыгымдарды жабууга 120 млн сом жумшаган.
Бирок 2024-жылдын аягына чейин чыгымдарды жабуу үчүн дагы 1,0 млрд сом каражат керек болууда деп айтылат маалыматта.
Токтом долбоорунда аталган ишкана эмнеден улам мындай чыгымдарга учурагандыгы айтылган:
«Ишкана тарабынан энергия өндүрүү үчүн негизги жана көмөкчү жабдуулар алдын ала оңдолуп, отун жана башка ресурстар сатылып алынат. Ишкана күз-кыш мезгилинде күн сайын 40-60 млн сом суммага 6,0-8,0 миң тонна көмүр, 260-500 миң м3 жаратылыш газын чыгымдайт. Ири көлөмдөргө байланыштуу оңдоо жумуштары дээрлик жыл бою жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда ушул айда өндүрүлгөн энергияны сатуудан түшкөн киреше бир айдан кийин түшө баштайт. Жүгүртүүдөгү акча каражаттарынын запасы ишкананын эки айлык чыгашаларынын суммасынан аз болбошу керек (2-4 млрд сом).
Ушуга байланыштуу максималдуу энергетикалык жүктөмдөрдү жана отун менен интенсивдүү камсыздоо мезгилинде ишкана өтө оор финансылык кырдаалда турат»- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары ушул жылдын 28-ноябрына карата ишкананын биринчи кезектеги төлөмдөр боюнча гана төлөнбөгөн милдеттенмелери 1 285,6 миллион сомду түзгөн. Анын ичинде:
— көмүр берүүчүлөргө – 639,2 млн сом,
— жаратылыш газын берүүчүгө – 358,7 млн сом,
— мазут берүүчүлөргө – 4,2 млн сом,
— оңдоо жана капиталдык салымдар боюнча берүүчүлөргө жана подрядчыларга – 283,5 млн сом.
Мындан тышкары, 2024-жылдын декабрь айында түзүлгөн келишимдер боюнча отун менен камсыздоо наркы 2,0 млрд сомду түзгөн.
Токтом долбоорунун баяндамасына ылайык, кредит төмөнкү шарттардын негизинде берилет:
— кредитти төлөө мөөнөтү – 5 жыл, анын ичинде негизги сумманы жана пайыздарды төлөө боюнча 2 жылдык жеңилдетилген мезгил;
— бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка – жылдык пайыз 1%;
— жеңилдетилген мезгил ичинде чегерилген пайыздар негизги сумма менен бирге бирдей үлүштө төлөнөт;
— финансылык санкциялар — мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасына чегерилген жылдык пайыз 6%;
— негизги карызды жана пайыздарды төлөө — 2026-жылдын 15-декабрынан тартып 2029-жылдын 15-декабрына чейин ай сайын бирдей өлчөмдө төлөмдөр менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле, «Бишкек жылуулук электр борборунун» учурда финансы-кредиттик уюмдардын алдында карызы жок экендиги жана ишкана тарабынан жылуулук жана электр энергиясы боюнча товардык продукцияны сатуунун эсебинен чыгымдарды өздүк наркка кошуу менен кредитти төлөө пландаштырылганы айтылган.
Сүрөт: интернет булактары




