«Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде иштери уланууда

  • 2 года мурун

Бишкектин ар бир районунда ирригациялык тармактарды тазалоо, жашыл аянттарды отоо чөптөрдөн тазалоо жана бак-дарактарды санитардык бак бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Таң эртеден багбандар Турусбеков, Бөкөнбаев, Лермонтов, Жибек-Жолу, Ибраимов, Чапаев, 7-апрель көчөлөрүндө эмгектенип жатышат. Андан тышкары жашылдандыруучулар Жаш Гвардия бульварында 5 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузушту.

Ошондой эле Бишкекке дагы жаңы 163 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Алар : 7-апрель көчөсүндө 60 даана, Манас проспектинде 43 даана жана Чүй проспектинде 60 даана көчөттөр тигилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты