Бишкек жана Ош шаарларында мектеп директорлорун тандоо боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

  • 2 года мурун

Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекиди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 11 талапкер босого баллдан упай топтоду. Ош шаары боюнча эң жогорку көрсөткүч 77,5% болду.

Бишкек шаары боюнча сынакка катышуу үчүн 181 адам өтүнмө жиберип, алардын 49у документтерин толук тапшырбагандыктан тестирлөөгө кирүүгө уруксат алган эмес. Компьютердик тестирлөөгө катышкан 129 талапкердин 42си босого баллдан жогору упай топтпо, жеңүүчү болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты