Бишкек жана Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал күтүлөт
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч саат ичинде жана күндүз аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти.
Маалыматка ылайык, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, катуу шамал учурунда дарактардан, электр мамыларынан жана жеңил конструкциялардан алыс болууну, унааларды коопсуз жайларга токтотууну жана мүмкүн болушунча имараттардын ичинде болууну сунуштады.
Адистер жарандарды өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырды.
Муну бөлүшүү




