Бишкек жана Чүйдө коммерциялык объекттердин газ колдонуусуна чектөө киргизилет

  • 2 года мурун

Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ресторан, кафе, мончо жана өндүрүш үчүн жаратылыш газын пайдаланган ишканалардын газ колдонуусуна чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Компания мындай чечим Казакстандан республиканын түндүгүнө газ берилүүчү магистралдык газ түтүгүндөгү басымдын төмөндөшүнө байланыштуу кабыл алынганын белгилешти.

«Газпром Кыргызстан» жыл башынан бери өлкөдө бардык категориядагы керектөөчүлөргө газ берүү 35%га көбөйгөнүн билдирди.

Компания тышкы жеткирүүчүдөн газ берүүнүн чектелүүдө коммерциялык объект резервдик отундун түрүнө өтүшү керектигин кошумчалады. Мындай жагдай аны менен түзүлгөн келишимде каралган, ошондой эле Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2015-жылдын 17-октябрындагы №152 буйругу менен бекитилген жаратылыш газын берүү эрежелеринде жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты