Бишкек велосезондун ачылышы болду

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарында велосезондун ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун президенти Данил Кыдыралиев катышты.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарынын туулган күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган вело жүрүш Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында башталды.

Мында катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде жүрүшүн аяктады.

Веложарыштын бардык катышуучулары көңүл ачуучу иш-чараларга жана ар түрдүү сынактарга күбө боло алышты.

Бул спорттук иш-чарага 800гө жакын вело сүйүүчүлөр, спортчулар, жана муниципалитетинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана «Вело friends позитив kg» уюму тарабынан уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты