Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери акча опузалаганга шектелип кармалды

  • 3 месяца мурун

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2500 доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан транспорт каражатын башкаруу укугун (айдоочулук күбөлүгүн) кайтарып берүү, ошондой эле унаасын айып короодон алып чыгуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган. Белгилей кетсек, Э.Н. буга чейин да ушул эле шылтоо менен дагы бир жарандан 500 доллар алган.

Кармалган патрулдук милиция кызматкери Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты