Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Нурдан Орунтаев дайындалган, буга чейин ал  мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.

Талант Рыскулбек уулу борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал департаменттин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты