Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо: Мыйзам долбоору четке кагылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 6-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу же башкача айтканда, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо институтун киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бирок депутаттар мыйзам долбоорун кабыл алышкан жок. Министрлер кабинети да бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирген.  

Мыйзамды депутаттар Ж.Акаев, Н.Алимжанова, Ф.Алимжанов, Ч.Айдарбеков, А.Исираилов, Г.Молдобекова, Э.Жамгырчиев демилгелеген.

Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунда борбор калаанын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.

«Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот» деди Жанарбек Акаев.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорун колдоп, мэрди бошотуунун жол-жобосуна кызыкты. Ал эми эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар экенин эске алып, мэрди түз шайлоо практикасын кичи шаарлардан баштоону сунуштады.

Мындан тышкары депутат Айбек Маткеримов Министрлер кабинетинин корутундусуна кызыкты. Буга Жанарбек Акаев Министрлер кабинетинин каршы корутунду бергенин айтып, мэрлик институттун ишинин туруктуулугуна ошондой эле каржылык чыгымдарга байланыштуу тобокелдиктерди жүйө келтиргенин маалымдады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

Сүрөт: Kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты