Бишкек шаарынын мэри Жунушалиев Ташкент шаарынын акими Артыкожаев менен жолукту

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ташкент шаарынын акими Жахонгир Артыхожаев менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жолугушуунун жүрүшүндө шаарларды көрктөндүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана катуу таштандыларды башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын акимиятынын ортосунда 2022-2024-жылдарга иш-чаралардын планына кол коюлду.

Мындан тышкары, Бишкек мэри «Технопарк» ЖЧК, «Махсустранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын, «Тошшахартрансхизмат» АК шаардык транспорт башкармалыгынын ишмердиги менен таанышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты