Бишкек шаарынын көркүн бузган жарнамалар алынды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын көркүн бузган жарнамалар алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, Бишкек шаарынын аймагында тышкы жарнак-маалымат каражаттарын жайгаштыруу жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы жана «Тазалык» муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Киев көчөсүндөгү Т.Молдо көчөсүнөн Ы.Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыктагы 70 жарнама баннерин жана 14 жарнама мамыларын алып салышты.

Белгилей кетсек, буга чейин аларга жарнама түзүмдөрүн жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүү, билдирүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты