Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт өтөт
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата бүгүн, 29-апрелде саат 18.00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралар борбор калаанын төрт районунда тең өткөрүлмөкчү.
Иш-чарага байланыштуу «Ала-Тоо» аянты саат 16:00дөн түн жарымга чейин автоунаа кыймылы үчүн жабык болот.
Муну бөлүшүү