Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленүүдө. Президенттин куттуктоосу

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров борбор калаанын тургундарын жана меймандарына Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.

«Бүгүн өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарынын күнү. Ордо калаабыздын шаар болуп түзүлгөндүгүнө 144 жыл толуп отурат. Жалпы мекендештеримди Мекенибиздин жүрөгү, элибиздин сыймыктуу шаары болгон Бишкектин түптөлгөн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бишкек шаары жалпы Кыргызстандын негизги өзөгү жана маданий борбору болуп саналат. Ошондуктан аны өнүктүрүү үчүн жылдан жылга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Бүгүн мамлекетибиздин борбор шаарын ар тараптуу өнүктүрүүгө багыт алганыбызды баса белгилеп айтып кетейин», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы борбор калаага «жашыл шаар» атын кайтарып берүү үчүн «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында 40 миңге жакын дарак отургузулганын билдирди. Мындан тышкары соңку жылдары ири көчөлөрдөн тышкары тротуарларды дагы оңдоп-түзөө колго алынганын жана Бишкектеги жана шаар четиндеги конуштарга жарыктандыруучу прожекторлор орнотулуп жатканын белгиледи.

«Шаардыктардын ыңгайлуулугуна кам көрүү максатында газ менен жүрө турган сыйымдуулугу чоң автобустарды сатып алуу быйылкы жылдын артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары кабыл алынып, бул маселе тиешелүү мекеме тарабынан иликтенип, ишке ашыруу пландалып жатат. Шаарыбыз үчүн дагы бир маанилүү жагдай, атмосфералык абанын сапатын жогорулатуу максатында комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бул багытта дагы иш-чаралардын мерчеми бар», — деп айтылат мамлекет башчынын билдирүүсүндө.

Жапаров «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу алкагында «Акылдуу Бишкек“ — «Келечек — 2030» концепцияларынын долбоорлору даярдалганын кошумчалады. Анын айтымында, жалпы билим берүү уюмдарын заманбап, инновациялык жабдуулар менен камсыздоо жана окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуу механизмдерин киргизүү аркылуу SMART-мектептердин ишин уюштуруу пландалууда.

Өлкө башчысы борбор шаарда 15 мектеп, 1 бала бакча курулуп жатканын, «Алтын-Ордо», «Рухий Мурас», «Мурас-Ордо», «Ак-Бата», «Ак-Ордо», «Ак-Босого», «Көлмө» конуштарында жаңы мектептер салынып жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты