Бишкек шаарында “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун ишмердүүлүгүн чагылдырган “Чек арада” аттуу фотокөргөзмө өтөт

  • 10 месяцев мурун

11-октябрь күнү Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде “Чек арада” аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болот.

Фотокөргөзмө 10-октябрь “Бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнүнө” арналып, Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” (MSF) эл аралык медициналык гуманитардык уюму тарабынан уюштурулуп жатат. 

Фотокөргөзмөдө чек-ара аймактарына жакын жайгашкан айыл тургундарынын күнүмдүк жашоосу жана окуялары баяндалган. Ошону менен бирге “Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” (MSF) уюмунун кызматкерлеринин Баткен облусундагы ишмердүүлүгү жана психологиялык жана эмоционалдык ден-соолукту чыңдоо боюнча жасап жаткан ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн. 

Көргөзмөнүн негизги максаты — коомчулукка психикалык жана эмоционалдык бакубаттуулуктун, өз ара колдоонун жана жардамдын маанилүүлүгүн көрсөтүү болуп саналат. 

Кыргызстандагы MSF өкүлчүлүгүнүн башчысы Штефан Гроссе Рюшкамп көргөзмө өжөр жана күчтүү адамдардын окуялары менен өзгөчө болоорун белгиледи.

«Биз жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташып келе жатабыз. Психикалык жана эмоцияналдык ден соолукту чыңдоодо бир гана биздин уюм эмес, айыл тургундары да талыкпай эмгектенип, зор салымдарын кошуп келе жатышат. Көргөзмөнүн каармандарынан, алардын өжөрлүгүнөн жана стресске туруштук берүүсүнөн  биз көп нерсени үйрөнө алабыз. Бул дагы бир жолу коомчулукта өз көйгөйлөрүн чечүүнүн даяр жолдору бар экенин тастыктайт.”, -деди. 

“Чек арада” фотокөргөзмөсү Улуттук тарых музейинде 11-октябрдан 15-октябрга чейин улантылат. 

Белгилей кетсек, көргөзмөдө коюлган сүрөттөр Кыргызстандык фотограф Гулиза Урустамбек кызы тарабынан тартылган. Ал буга чейин “Кыргызстандын элинин үмүтү жана таарынычы” жана “Жол” аттуу фотокөргөзмөлөрүн ачкан. 

MSF жөнүндө: 

«Чек арасыз дарыгерлер»/Médecins Sans Frontières (MSF) уюму — 1971-жылы Парижде журналисттер жана дарыгерлердин тобу тарабынан түзүлгөн. Уюм куралдуу кагылышуулардын, табигый кырсыктардын курмандыктарына жана медициналык жардам көргөзүүдөн баш тарткандарга тез жардам көрсөтүүчү эл аралык көз карандысыз жана гуманитардык медициналык уюм. MSFтин командасы он миңдеген саламаттыкты сактоо адистеринен, логистикалык жана административдик кызматкерлерден турат. MSF уюмунун иш-аракети медициналык этиканы сактоо, калыстык, көз карандысыздык жана бейтараптык принциптерине негизделген.Уюм коммерциялык эмес ассоциация болуп саналат. Бүгүн MSF – дээрлик 68 000 адамдан турган бүткүл дүйнөлүк кыймылга айлынды. 75 тен ашык өлкөдө “Чек арасыз дарыгерлер” кризистик кырдаалда адамдардын өмүрүн сактап калуу жана азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн медициналык гуманитардык жардамдарды көрсөтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты