Бишкекте үчүнчү Элдик курултай өтүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-декабрда борбор калаада үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат. Курултай 2 күнгө, 20-21-декабрга созулат. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүдө.

«Азаттык» медиасы Курултайга 698 делегат катышып жатканын кабарлады. «Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат — Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары 30 делегат — Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү»,- деп айтылат маалыматта.

Үчүнчү Элдик курултайга өлкө башчы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер кабинетинин жетекчиси, анын орун басарлары, министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин башчылары катышууда.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты