Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы даярдалууда

  • 2 года мурун

Бишкек мэриясы шаарды өнүктүрүүгө байланыштуу эки стратегиялык документти иштеп чыгууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, программада баш калааны жашыл жана жагымдуу чөйрөсү бар заманбап шаарга айлантуу каралган. Мындан сырткары капиталды жана туристтерди тартуу борбору катары өнүктүрүү милдети турат. Программа эксперттик коомчулуктун, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана эл аралык уюмдардын катышуусунда талкууланды.

Мэриянын басма сөз кызматы муну менен катар 2023-2025-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыга турганын кабарлады. Ал шаардын 2023-жылга бюджетин иштеп чыгуунун негизи болуп калат. Анда алдыдагы мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары камтылган. Программаны иштеп чыгууда жарандардын кайрылууларына талдоо жүргүзүүнүн негизинде калктын керектөөлөрү эске алынган. Программанын долбоору боюнча иш аяктагандан кийин коомдук талкуулар өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты