Бишкек шаардык соту Аспеков боюнча райондук соттун өкүмүн өзгөрттү

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту жарандык активист Мелис Аспековго Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөрттү. Бул тууралуу 6-июлда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) 204-беренесинин (“Алдамчылык”) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы аныкталган жок.

Райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун ошол берененин 3-бөлүгү жана 77-берененин 2-бөлүгү боюнча айыптуу экенин моюнуна алган көрсөтмөсү жана аны алты жылга эркинен ажыратуу чарасы жокко чыгарылды. Өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Быйыл 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты