Бишкек шаардык соту Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык соту Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынган. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

«ПолитКлиника» медиасы соттон түз эфир уюштуруп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты