Бишкек шаардык мэриясы жарандардан унааларын жол жээгине калтырбоону суранды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы жарандардан унааларын жол жээгине калтырбоону суранды.

Мэриянын билдирүүсүндө жол четиндеги унаалар карды тазалоо үчүн атайын техникага тоскоол болуп жатканы айтылат.

Муниципалитеттин маалыматына караган, учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Борбор калаанын жолдорун тазалоо жана туз, кум себүү иштерине 27 атайын техника жана жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу тартылган. Ошондой эле шаардын көчөлөрүндө 648 көчө шыпыргыч жана 115 жүк ташуучу, 40 атайын техника иш алып барууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты