Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылдык фейерверктерге 755 миң сом сарптайт

  • 2 года мурун

Бишкектеги жаңы жылдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэрия тараткан маалыматта учурда 2023-жылды тосууга майрамдык программа даярдалып жатканы айтылат.

«Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылы муниципалитет майрамдык салюттардарды аттыруудан баш тарткан. Мындай чечим экологиялык коопсуздуктан улам кабыл алынганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты