Бишкек шаардык мэриясы эски автобустарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт

  • 1 год мурун

Бишкек шаардык мэриясы муниципалитеттин менчигиндеги жарактан чыккан эски автобустарды сатуу боюнча аукцион өткөрүүнү пландоодо. Аукцион 12-майга белгиленгенин шаар бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сатыла турган автоунаалардын тизмеси бекитилди жана кепилдик төлөмдүн өлчөмү ЛОТтун баштапкы наркынын 10% өлчөмүндө аныкталды. Арыздар 10-майга чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине күтүүсүз текшерүү менен барып, эски автобустарды металлоломго чыгарып, жаңы автобустарга орун даярдоо тапшырмасын берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты