Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришкенин жарыялады

  • 1 год мурун

Бишкек шаардык мэриясы жакынкы 15-20 жылга карата борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришкенин жарыялады.

Мэриянын билдирүүсүндө бул маселе күн мурун мэрияда өткөн пландуу жыйында талкууланып, анын жыйынтыгында мэр Эмилбек Абдыкадыров долбоордун техникалык тапшырмаларын даярдоо боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырганы айтылат.

Ошондой эле жыйында Бишкек шаарын жашылдандыруу, ирригациялык тармактарды жакшыртуу, ошондой эле көрктөндүрүү маселелери талкууланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты