Бишкек шаардык кеңешине беш партия өттү

  • 4 часа мурун

Шайлоо участокторунун  97,22% нын маалыматтары боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышкан алты саясий партиянын бешөө өттү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.  

Алар:

1.“Жаңы күч” партиясы – 29,40% (16 мандат);

2. “Эмгек” партиясы – 21,93% (12 мандат);

3. “Адилет” партиясы – 15,11% (9 мандат);

4. “Ынтымак” партиясы – 14, 02% (8 мандат);

5.”Эл үмүтү” 11,04% (6 мандат).

“Улуу журт” партиясы 1,34 % добуш алып, 5% чектен өтө алган жок.

Бишкек шаарында  8686 же  7,16% шайлоочу баарына каршы добуш берди.

Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.

Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83%ы добуш берди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты