Бишкек шаардык Биринчи май РИИБнин тергөөчүсү пара опузалоого шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга М.Г.В. аттуу жаран Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн андан 2000 АКШ долларын талап кылып жатканы тууралуу айтып кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Анын алкагында А.Д.Б. 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты