Бишкек шаар сотунун коллегиясы Каныкей Аранованы үч жарым жылга эркинен ажыратканы айтылды

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарынын соттук коллегиясы активист Каныкей Аранованы үч жарым жылга соттоп, сот залынан камакка алганы кабарланды.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Каныкей Аранова социалдык тармактарга жазган пикири үчүн камакка алынганы белгиленди. Шаардык сот тарабынан маалымат расмий тастыктала элек.

Апрель айынын аяк ченинде Каныкей Арановага Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 120 миң сом айып салган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде камактан чыгарган.

Буга чейин Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан Каныкей Аранова Өзгөн райондук сотунун чечими менен 30 сааттык коомдук жумуш жасоо жазасына тартылган.

Каныкей Аранова Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккандардын митингине катышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты