Бишкек шаар мэриясы автобазада турган троллейбустар капиталдык оңдоого тоскоол жаратканын билдирди
- 3 часа мурун
Бишкек шаарынын мэриясы эки автобазада турган троллейбустар капиталдык оңдоого тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.
“Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен эки троллейбус автобазасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулууда. Бүгүнкү күндө эки автобазада турган троллейбустар капиталдык оңдоого тоскоолдук жаратууда. Буга байланыштуу троллейбустар Коргоо министрлигине караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу ташылып жатат” деп билдирди мэрия.
«Борбор шаарда троллейбус каттамдары токтотулган. Алардын ордуна эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келет. 56 каттам боюнча 1200дөн ашык автобус иштейт» деди мэрия.
Сүрөттөр: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү