«Бишкек-Ош» жолундагы жол кырсыгынан 1 адам каза болду

  • 2 года мурун

«Бишкек-Ош» жолундагы жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-майда болжол менен саат 13:15 чамасында Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Ош унаа жолунан жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. «Бишкек-Ош» унаа жолунун 197-чакырымында Ош облусунун Алай районунун тургуну 1983-жылы туулган О.Т. “Хонда-Степвагон” (оң рулду) үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүккө көздөй бара жатып алдын ала маалыматтарга таянсак рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып түштүктөн түндүкө келе жаткан Бишкек шаарынын жашоочусу 1981-жылы туулган А.С. башкаруусундагы «Хундай-Гетц” үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен “Хундай-Гетц” унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши жол кырсыгынан алган жаракаттарынан улам каза болду. 2 өспүрүм Чүй облусунун Жайыл районунун Сусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган. Айдоочулар Жалал-Абад облусунун Токтогул районун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.Бүгүнкү күндө оң рулду унаанын катышуусу менен болгон жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам көз жумуп, ал эми 4 адам ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканаларга кайрылышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты