Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

Бишкек-Ош жолунун «Сосновка» постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар калың жаап жатат.

Ашууларда жолду тазалоого барды техника тартылып, автоунаалардын коопсуз өтүүсү үчүн атайын материалдар төгүлүүдө.

Мекеме айдоочуларды дөңгөлөктүн чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана машинелер ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Синоптиктер Кыргызстанда 20-мартка чейин туруксуз аба ырайы сакталарын, тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын айтууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты