Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөр түшүрүлөт

  • 6 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрүн түшүрүү иш-чараларын жүргүзөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган унаа жолдо жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу 8-февралдан 12-февралга чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.

Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255-чакырымдагы кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда ӨКМге караштуу башкармалыктар, кызматтар иш-чараны Коргоо министрлиги менен биргеликте аткарышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты