Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү
- 1 год мурун
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча бүгүн саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунун, Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн. Шаркыратма тилкеси, учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымындагы кар көчкүнү тазалап бүтүп, 223-чакырымга барышат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постунда жана Чуй облсунун Жайыл районунун «Сосновка» постунда унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилген.
Муну бөлүшүү