Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады
- 7 месяцев мурун
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-март күнү Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар төмөнкү тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери аяктады.
Алар:
— 198- чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) 1260 м3 кар көчкү түшүп, анын көлөмү 663 м3 жолго жетип, тазаланган;
— 133-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;
— 135-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси)да кар көчкү түшкөн эмес;
— 129-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) көчкү түшкөн эмес;
— 121-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) да кар көчкү түшкөн эмес;
Кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иштери аяктаганына байланыштуу ӨКМдин ыкчам тобу менен Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби туруктуу ордуларына кайтышты.