Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, Долон ашуусу убактылуу жабылды

  • 2 года мурун

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, Долон ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкү Нарын – Торугарт унаа жолунун 296-297 чакырымына бүгүн саат 10:00 чамаларында түшкөн.

Буга байланыштуу унаа жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты