Бишкек: Милиция бөлүмүндөгү адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
- 10 месяцев мурун
Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бириндеги 25 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу 13-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя 9-август күнү болгонун жакындары билдирген. Милиция өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл экспертизалар, анын ичинде соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.
Баланын жакындары ал сабалганын социалдык тармактарга жазып жатышат.
Учурда иштин чоо-жайы боюнча толук маалымат бериле элек.
Муну бөлүшүү




