Бишкек мэриясы жарандарды КРВИнин өсүшүнө байланыштуу беткап тагынууга чакырды

  • 2 года мурун

Бишкек мэриясы жарандарды КРВИнин өсүшүнө байланыштуу беткап тагынууга чакырды.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, курч респиратордук вирустук инфекциянын өсүшү байкалууда. «Борбор калаанын муниципалитети вирус жайылып кетпеши үчүн беткап кийүүнү сунуштайт.

2022-жылдын башынан бери КРВИ менен 78 656 учур катталды, 2021-жылдын ушул мезгилиндеги 78 368 учур катталган. Ошол эле учурда оорунун 0,3%га өсүшү байкалууда. Оорулардын эң көп үлүшү 14 жашка чейинки балдарда – 48287 учур (61,3%), анын ичинен 1 жашка чейинки балдарда 7964 учур (16,4%), 1 жаштагы балдарда – 6203 учур (12,8%), 2-4 жаштагылар – 14838 учур (30,7%). 15-17 жаштагылар – 4807 учур (6,1%) 18 жаштан жогору – 25562 учур (32,4%).Сасык тумоо жана КРВИ вирустары адамдын респиратордук ооруларын ар кандай оордукта жаратат. Оорунун белгилери кадимки (сезондук) сасык тумоого окшош. Оорунун оордугу бир катар факторлорго, анын ичинде организмдин жалпы абалына жана жашына жараша болот.Ооруга чалдыккандар: улгайган адамдар, жаш балдар, өнөкөт оорулар (астма, диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башкалар) жана иммунитети начар адамдар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты