Бишкек мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынарын эскертти

  • 1 год мурун

Бишкек мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынарын эскертти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

15-марттан 15-апрелге чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембиликтер өткөрүлөт.

Тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоого болот, андан кийин алар «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан чыгарылат.

«Бирок жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

Мындай жосунсуз жорук үчүн “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен тартип бузуучуларга муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 7 миң 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынып, протоколдор түзүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты