Бишкек мэриясы таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандарга айып каралганын эскертти
- 2 года мурун
Бишкек шаарынынын тургундары жана ишкердик субъектилери таштандыларды жана башка калдыктарды белгиленбеген жерге үйүп салууда, бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга алып келет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан көп убакытка созулган таштандыларды топтоо учурлары катталды.
№4 орто мектебинин кызматкерлери курулуш калдыктарын муниципалдык аймакка төгүшкөн, ал беш айдай жаткан. Мындан тышкары, №12 орто мектеп туура эмес жерге катуу тиричилик калдыктарын таштаган. Бул эки билим берүү мекемесисине калдыктарды үйүп салуу үчүн жалпы 40 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле, ЖИ С.Т.Б., үч шаар тургуну А.Ю.Р., У.Ш.К., жана О.Д.Е. ушул сыяктуу иштерди жасашкан. Аларга КРнин «Укук бузуулар жөнүндө кодексинин» 115-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү боюнча жалпы 37 500 сом айып пул салынган.




