Бишкек мэриясы шаар тургундарына автобуста накталай төлөмгө өтүү боюнча кайрылуу жасады

  • 2 дня мурун

Бишкек шаарынын мэриясы борбордун жашоочуларына автобустарда жүрүүгө накталай эмес төлөөгө өтүү боюнча кайрылуу жасады.

“Урматтуу шаардыктар! Автобустарда жүрүү үчүн карточка алып, накталай эмес 17 сомдон төлөмгө өткүлө.20 сомдон накталай төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат. Эгер бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдагыдай автобустардын “мүрзөсүн”ө айланат” деп айтылат кайрылууда.

“Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алынып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Ушул автобустар сиздердин өзүңөрдүн эле акчаңарга сатылып келгенин унутпагыла.
Бул автобустар бери дегенде 15-20 жыл элге кызмат кылыш керек” деди деп белгиледи мэрия.

Ал эми шаардын меймандарына мындай жооп берилди:

“Ал эми «шаарга тез-тез келип тургандар кандай кылабыз? 40 сомдон төлөйбүзбү» дегендерге жооп: Силер да карточка алып, мисалы карточкаңарга 100 сомдон баштап, 1000 сомго чейин салып койгула да келген сайын 17 сомдон төлөй бергиле. Ар бир колдонгон учурда гана 17 сомдон кемип турат. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр бир жыл болсо да акчаңар сакталып тура берет. Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Качан гана автобуска түшсөңөр 17 сомдон кемип турат. Ошондуктан эч кандай ойлонуштун же көйгөй жаратыштын кереги жок».

Бишкек мэриясы борбор шаарда коомдук транспортто накталай түрдө төлөнгөн жол кирени көбөйтүүнү сунуштоодо. Бул долбоор электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында иштелип чыккандыгы айтылат.

Ошондой эле бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде башка унаага которууларды жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.

Борбор шаардын транспорт департаментинин башчысынын орун басары Бакытбек Сарымсаков накталай төлөм боюнча жол кирени 30-40 сомго жогорулатуу каралып жатканын билдирген.

2024-жылдын 30-январынан тартып Бишкекте коомдук транспортто жол кире кымбаттады. Учурда Бишкек шаарында накталай төлөм менен жол кире — 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом.

Сүрөт: Бишкек шаарында. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты