Бишкек мэриясы шаар тургундарын ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

  • 8 месяцев мурун

Бишкек мэриясы шаар тургундарын ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтары үчүн өз убагында акы төлөөнүн маанилүүлүгүн эскертебиз. Суу менен камсыздоону үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн белгиленген мөөнөттөрдө төлөмдөрдү жүргүзүүнү суранабыз. Сууну керектөөнү натыйжалуу эсепке алуу үчүн ай сайын 20-күндөн кийин сууну эсептөө приборлорунун көрсөткүчтөрүн берүү зарыл. «Бишкексууканал» ӨЭБсына карызы барларга карызды төлөө зарылдыгын эскертебиз. Бир жылдан ашык карызы бар абоненттер карызды чогултуу үчүн сотко берилиши мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты