Бишкек мэриясы: «Митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертебиз»

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясы тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болуучу массалык баш аламандыктарды алдын алуу максатында 24-августтаан 31-декабрга чейин бардык түрдөгү тынч жыйындарды, митингдерди, пикеттерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Бул чаралар муниципалдык администрациянын 2023-жылдын 23-августундагы № 218-р буйругунун жана Октябрь сотунун чечиминин негизинде «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамынын 14-15 беренелерине ылайык көрүлгөн.

«Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларга, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигине караштуу ИИБнын №27 мекемесинин (СИЗО-1), Бишкек шаарынын мэриясынын, Октябрь райондук сотунун, Октябрь райондук прокуратурасынын, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, билим берүү жана медициналык мекемелердин имараттарынын жанында, базарлардын жана соода комплекстеринин аймактарында, «Д. Асанов», «Ынтымак- 1», «Ынтымак -2», «Адинай», «Кыргызстан жана Азербайджан достугу» «Ата-Түрк» атындагы сейил бактарында тыюу салынат.

Социалдык түйүндөрдө белгилүү бир маршрут боюнча автожүрүш тууралуу маалымат таратылууда. Өз кезегинде муниципалитет жогоруда аталган иш-чара тууралуу расмий билдирүү албаганын белгилейбиз. Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды коомдук тартипти сактоого жана мыйзам бузбоого чакырат», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты