Бишкек мэриясы коомдук унаадагы накталай төлөнгөн жол кирени көбөйтүүнү сунуштоодо

  • 2 недели мурун

Бишкек мэриясы борбор шаарда коомдук транспортто накталай түрдө төлөнгөн жол кирени көбөйтүүнү сунуштоодо.

Бул долбоор электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында иштелип чыккандыгы айтылат.

Ошондой эле бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде башка унаага которууларды жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.

Борбор шаардын транспорт департаментинин башчысынын орун басары Бакытбек Сарымсаков Sputnik Kyrgyzstan басылмасына накталай төлөм боюнча жол кирени 30-40 сомго жогорулатуу каралып жатканын билдирген.

2024-жылдын 30-январынан тартып Бишкекте коомдук транспортто жол кире кымбаттады.

Учурда Бишкек шаарында накталай төлөм менен жол кире — 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты