Бишкек мэриясы: Коомдук транспортко болгон бааны көтөрүү пландалган жок

  • 2 недели мурун

Бишкек мэриясы коомдук транспортко болгон бааны көтөрүүнү пландаган жок. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

23-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльдар Абакиров «Бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актайт?» деген суроо берген.

Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков азыркы тарифте автобустар өзүн актабай турганын белгиледи.

«Андай учурда тарифти көтөрүү керек, эгер тариф 25 сомдун деңгээлинде болсо 8-10 жылдан кийин акталышы мүмкүн. Бирок мунун баары тетиктердин баалары өзгөрүүсүз, эгерде инфляция бирдей деңгээлде болсо, валютанын туруктуу курсу менен гана болот»,- деп кошумчалады Байгончоков.

«Бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, өзүн-өзү актоо мезгилин түшүндүрүү үчүн алдын ала божомолдор болгон.

Ошол эле учурда муниципалитет коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүүнү пландаган жок. Борбор калаанын мэриясы ишкананын ишин туура башкарууга жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты