Бишкек мэриясы эски автотранспорттарды сатуу боюнча аукцион жарыялайт

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясы эски автотранспорттарды сатуу боюнча аукцион жарыялайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасынын балансындагы эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

— ЛОТтун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

— жеке арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;

— арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке адамдын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;

— кепилдик төлөмдүн (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.

Арыздар 13-ноябрга чейин Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча кабыл алынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты