Бишкек мэриясы дөңгөлөк жуучу жабдууларын орнотпогон курулуш компаниялары жабыларын эскертти

  • 2 недели мурун

Дөңгөлөк жуучу жабдууларын орнотпогон курулуш компаниялары жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуу үчүн жабдууларды орнотпогон курулуш компанияларынын иши убактылуу токтотулат. Дөңгөлөк пунктун ишке киргизүүнүн акыркы мөөнөтү 29-апрелде аяктайт. Курулуш компаниялары мыйзам бузуу жоюлгандан кийин гана ишин баштай алышат.

Азыркы учурда муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын мэриясынын буйругун аткаруу максатында дөңгөлөктөрдү жуучу жабдууларды орнотуу боюнча курулуш обьектилеринде рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатат.

26-апрелдеги маалымат боюнча, борбор калаада жалпысынан 38 курулуш объектиси текшерилген, алардын бардыгына курулуш техникасынын дөңгөлөктөрүн жуу үчүн жабдуулар жана пункттар орнотулганы аныкталган.

Калган объектилерди дем алыш күндөрү инспекторлор текшеришет.

Буга чейин инспекторлор борбор калаадагы курулуш компаниясына бир жумалык мөөнөткө курулуш техникаларынын дөңгөлөктөрүн жуучу жабдууларды же пункттарды орнотуу зарылдыгы жөнүндө 61 көрсөтмө беришкен.

Эскерте кетсек, курулуш аянтчаларында трансбойлор, дөңгөлөктөрдү жууган эстакадалар болушу керек жана объекттин кире беришине шагыл төгүлүшү зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты