Бишкек: “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси ишке киргизилди

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэриясы “Менин шаарым” мобилдик тиркемесин ишке киргизгенин билдирди. Бул жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча автоматташтырылган маалымат системасы.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиркеме аркылуу турак-жай-коммуналдык чарба жана шаарды көрктөндүрүүнүн бардык маселелери боюнча арызын жөнөтүү оңой жана жөнөкөй болот.

Мобилдик тиркеменин негизги милдети — көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.

Мэриядан «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин колдонуу эффективдүүлүктү жогорулатып, жарандардын кайрылууларына жооп берүү процессин тездетерин билдиришти.

Кабыл алынган арыз дароо Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматына жөнөтүлөт жана арыз ээси реалдуу убакыт режиминде конкреттүү кызмат тарабынан арыздын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Арызга жооп 3 күндүн ичинде жөнөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, бул мобилдик тиркеменин жаңычылдыктарынын бири коомдук транспорттун (автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер) кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты